• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду.

Агенттикке соттон билдиришкендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Д.Т. Зилалиевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Ал эми 2021-жылдын жайында Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Жогорку сот тарабынан райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий