• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

“Мурдагы вице-премьер-министр “С.Т.Дга” карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Ал жогорку кызматта турган учурда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, андан кийин аларды жакындарына каттап, декларацияларында көрсөткөн эмес”, - деп билдирет Каржы полициясы.

Бул иш боюнча “С.Т.” суракка чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий