• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кайрадан камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

«Кабар» агенттигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сарпашев тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, ал Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип 18-июнда КР УКМК тарабынан кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тил каты менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий