• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мурдагыдан да ыңгайлуу. Эми кредитти жабуу же «Бакай Банктын» депозитин толуктоону MegaPay тиркемеси аркылуу жүргүзсө болот

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. «Бакай Банк» өз кардарлары үчүн онлайн-кызматтар боюнча мүмкүнчүлүгүн кызуу кеңейтүүдө. Эми MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу сиз төмөнкү операцияларды жүргүзө аласыз:

  • «Бакай Банкта» кредитти жабуу;
  • «Бакай Банкта» депозитти толуктоо;
  • Ислам финансылык борборунда (ИФБ) каржылоону жабуу;
  • Ислам финансылык борборунда (ИФБ) депозитти толуктоо;
  • Өзүңүзгө таандык картты же эсепти толуктоо;

Бул кызматтардан пайдалануу үчүн сиз MegaPay мобилдик капчыгын терминалдан толуктап, тиркеменин “Кызматтарды төлөө” бөлүмүнө кирүүңүз керек. Андан соң “Банктык кызматтар” бөлүмүн таап тийиштүү опцияны тандайсыз.

Кызматтардын комиссиясы төлөмдүн 1% түзөт. Көңүл буруучу жагдай, иш күндөрү саат 17.00гө чейин жургүзүлгөн төлөмдөр ошол күндүн эсебинен, ал эми 17.00дөн кийин жана дем алыш күндөрү кийинки жумушчу күндүн эсебинен жүргүзүлөт.

Эске салсак, сиз ошондой эле банктын онлайн кызматтарын төмөнкү сервистер аркылуу пайдалана аласыз:

  • Bakai Online (комиссиясы жок);
  • Bakai24 (комиссиясы жок);
  • «Бакай Банктын» терминалдары (комиссиясы жок);
  • Quickpay терминалдары (1000 сомго чейинки сумма үчүн комиссия - 5 сомов, 5000 сомго чейин – 10 сом, андан жогору – 20 сом)
  • Pay24 терминалдары (комиссия 3%)

Онлайн-кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүү же кеп-кеңеш алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалыңыздар:

*КРУБ № 043-Лиц.

Пикир

Оставить комментарий