• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бир нече күн мурда жоголгон 12 жаштагы кыз батыш автобекетинен табылды

Коом 0

Бишкек, 04.03.20 /Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурдараак жоголгон 12 жашар кыз табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 27-февралда Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Ш.А. аттуу тургуну кайрылып, ошол эле күнү 2007-жылы туулган Ш.Э. аттуу кызы жоголуп кеткендигин билдирген. Кыз саат 18.30дар чамасында “Дордой” конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал кыз батыш автобекетинен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

“Бишкек ШИИББи жарандарга же үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келсе жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуу жана 102 номуруна чалуу керектигин эскертет”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий