• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мурунку чемпион Германия Түштүк Кореяга жеңилип, тайпадан чыкпай калды

Спорт 0

Бишкек, 27.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 3-турунда Германия менен Түштүк Кореянын курама командалары оюн өткөздү. 2:0 эсебиндеТүштүк Корея биринчиликти илип кетти.

Кошулуп берилген убакытта 92-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топту Кореянын коргоочусу Ким Ён гол киргизди. 96-мүнөтүндө Германиянын дарбазачысы Нойер дарбазаны бош калтырып, каршылашы тарапка чыгып кетти. Түштүк Корея учурдан пайдаланып, Сон Хын бош дарбазага топту тээп эсепти 2:0гө айлантты.

Пикир

Оставить комментарий