• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев 10 жылга эркинен ажырады

Коом 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү өкүмүн чыгарды.

Прокурор Шадиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Прокурордун айтымында, Шадиевге 2017-жылы Чыңгыз Айтматовдун атындагы сыйлык ыйгарылбай турганы маалым болгонун белгиледи. Алар ЖКнын ошол убактагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун атына сыйлыкка каралган 32 миң долларды берүү боюнча кат жазышып, акчаны алышкан.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 28-апрелинде Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, анын мүлкү камакка алынган.

Ал кылмыш иши КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча козголгон.

Кийин белгилүү болгондой Шадиев андан бир күн мурун – 27-апрелде Баткен облусундагы Арка айылынын жанындагы чек арадан Тажикстанга өтүп, Нью-Йоркко (АКШ) качкан.

Ал боюнча Шадиевге "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренесине ылайык кылмыш иши ачылган.

Июль айында Шадиевге үчүнчү кылмыш иши – Кылмыш кодексинин 183-беренеси "Кылмыштык жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу" боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий