• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муса Сапаевдин “Айдоочунун жогорку чеберчилиги” китебинин бет ачары өттү

Коом 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Бишкекте “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жазуучу-публицист Муса Сапаевдин “Айдоочунун жогорку чеберчилиги” китебинин бет ачары өттү.

Жазуучунун айтымында, Кыргызстан автоунаалардын саны боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Башкача айтканда, калктын жарымынан көбү унаа айдайт.

“Трагедиялык абалдан кантип сактаныш керек? Бул тууралуу Кыргызстандагы биринчи болуп ушул тармакта чыгарылган “Айдоочунун жогорку чеберчилиги” китебинде кененирээк жазылган”, - деди Сапаев.

Ал билдиргендей, жолдордогу коопсуздук жөнүндө китепти жол кырсыктарынын санынын өскөндүгүнө, андагы адамдардын өлүмүнө байланыштуу жазууга киришкен.

“Эл жол кырсыктары тууралуу кабарларга кайдыгер мамиле жасап калды. Жол кырсыктары андагы адамдардын өлүмү жөнүндөгү жаңылыктарга элдин көнүп калышы коркунучтуу. Калкты көңүл кош мамиледен сактап, бул абал менен күрөшүүгө чакыруу керек”, - деди жазуучу.

Пикир

Оставить комментарий