• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгон адамга юридикалык баа бериш керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгон мамкатчынын иш-аракеттерине юридикалык баа берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйында билдирди.

“Эмне себептен дайыма ушундай көйгөйлөр болгондо, жабык эшик артында карайбыз? Биз кимден жашынабыз? Чек арада болуп жаткан кырдаалды жергиликтүү калк жадыбалдай жаттады. Коргоо кеңешинин катчысы - бул президенттин өкүлү жана ал өкмөттүн атынан сүйлөп, кандайдыр бир документтерге кол коюуга укугу жок. 2008-жылы 26-ноябрь күнү талаш-тартыш болгон тилкелерди делимитация жана демаркация иштери аяктагандан кийин каралат деген документке кол коюлган. Бирок, 2009-жылы 3-мартта мурдагы коргоо кеңешинин катчысы А.Мадумаров ошол 2008-жылкы протоколдун 3-пунктун жокко чыгарган протоколго кол койгон”, - дейт депутат.

Эл өкүлү ал протоколду билбей тургандыгын жана эл да билгиси келбей тургандыгын кошумчалады. Ал эми Мадумаровдун иш-аракеттерине жана ошол протоколго юридикалык баа берилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий