• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2017-жылы жаӊы туулган 40 балага ката басылган күбөлүк берилген - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын кетирген катачылыгынан улам, өткөн жылы жаӊыдан туулган 40 балага ката басылган күбөлүк берилген. МКК жетекчилери ага күнөлүү кызматкерлерге карата чара көрүп, талкатылган күбөлүктөрдүн баарын акысыз алмаштырууга убада берген. Тилекке каршы, ал азыркыга кезге чейин аткарылган жок. Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ата-энелерден көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Көрсө, Мамлекеттик каттоо кызматы күбөлүктөрдү акысыз алмаштырбай эле, 120 сомдон сатып жатыптыр, эсептеп көргүлө… Ушу кантип болсун, ката басылган күбөлүктүн берилишине МКК күнөөлүү болгон соӊ, анын чыгым да өздөрү тартсын. Өкмөтү бул маселени көзөмөлгө алып, ата-энелердин өтүнүчүн аткарышы керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий