• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мушкер Элмирбек Садыров жаштар арасындагы олимпиада оюндарында күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 13.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Элмирбек Садыров Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы жайкы олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу оюндардын расмий сайты кабарлады.

Мушкер грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмактык категория боюнча беттешкерге катышкан.

Алгач Жаңы Зеландиянын спортчусун андан соң мексикалык мушкерди уткан. Алтын үчүн болгон беттеште Грузиянын спортчусу Гиорги Чхиквадзеден утулуп калган.

Садыров Олимпиадада КР курамасынын капитаны болуп саналат .

Пикир

Оставить комментарий