• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мушкер Гэйджи Тони Фергюсонду жеңип, UFC уюмунун убактылуу чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Тони Фергюсон UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону үчүн беттеште америкалык мушкер Жастин Гэйджиге жеңилип калды.

Интерфакстын маалыматына караганда, эки мушкер бешинчи раундга чейин күч сынашты. Бешинчи раундда Фергюсон Гэйджиге техникалык нокаут менен жеңилүүгө дуушар болду.

Буга чейин Фергюсон UFC уюмунун чемпиондугуна россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешмек. Бирок пандемиядан улам россиялык мушкер беттешүүдөн баш тарткан. Мелдеш Флорида штатында өткөн UFC 249 турниринин алкагында, көрүүчүлөрсүз өттү.

Пикир

Оставить комментарий