• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мушкер Канат Келдибеков Грозный шаарында өткөн турнирде жеңишке жетти

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA 100 (Absolute Championship Akhmat) турниринде россиялык Дуквах Астамировду жеңип алды. Бул тууралуу мушкер өзүнүн Instagram баракчасынан билдирди.

Беттеш бүгүн Россиянын Грозный шаарында өттү.

"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык спортчу калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

Келдибеков колдогон бардык күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирип, АСА спорт лигасынан кийинки беттешти Нур-Султан шаарында өткөрүүсүн суранды.

Пикир

Оставить комментарий