• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы дүйнө салды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов дүйнө салды. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров билдиргенин ТАСС басылмасы жазып чыкты.

“Абдулманап Нурмагомедов дүйнө салганы тууралуу жүрөк оорутарлык кабар алдым. Чечен элинин атынан Нурмагомедовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал өзүнүн артынан татыктуу муун тарбиялап кетти”, - деп Кадыров өзүнүн Telegram баракчасына билдирүү калтырды.

Пикир

Оставить комментарий