• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Муштум түйсөңүз - сиз тууралуу маанилүү бир сыр айтабыз

Дүр дүйнө 0

Сиздин муштум түйгөнүңүзгө жараша инсандык сапаттарыңыз тууралуу маанилүү бир сыр айтабыз.

Өзүңүздү текшерип көрүңүз...

Сиздин муштум түйүшүңүз сиздин инсандык сапаттарыңыз тууралуу көп нерсени айта алат. Муштум түйүү ыкмасынын өзү эле сиздин мүнөзүңүз, жашоого карата мамилеңиз жана турмуштук кырдаалдарда кандай аракет кыларыңыз тууралуу айтып турганын Meaww билдирет.

Албетте, дал келбестиктер болушу мүмкүн. Анткен менен муштум түйүп, биздин сүрөттөө сиздин мүнөзгө дал келерин же келбестигин текшериңиз.

1-түр.

Эгерде сиз муштумуңузду жогоркудай (бармагыңыз башка төрт манжаңызга паралелль турганына көңүл буруңуз) түйсөңүз бул сиз бир топ сезимтал жана назик адам экениңизди билдирет. Сиз боорукер жана камкор адамсыз. Мындай адамдар башкалардын сезимдерине көңүл бурушуп, ошого жараша мамиле кылышат.

Сиз стратегсиз, ишиңизди уюштура билесиз. Бир аз чыдамыңыз жок. Бирок сиз башка адамдар менен этияттап мамиле куруңуз. Сизди башкалар колдонуп кетиши мүмкүн. А сиз мүнөзүңүзгө ылайык буга каршы күрөшпөйсүз.

2-түр.

Ал эми муштумун жогорку сүрөттөгүдөй түйгөн адамдын таланты, жагымдуулугу жана харизмасы өзү ойлогондон дагы зор экенин айтып турат. Сиз чагылгандай ыкчам аракет жасоого даярсыз. Бармагыңыз башка төрт манжаңызды жаап турса – бул сиздин өзүңүз кармана албаган эмоционалдуулугуңуз. Дайыма оюңуздагыны айтып, ичиңиздегини жашырбайсыз.

Сиз умтулган амбициялуу максаттары бар адамсыз. Сиздин кыялдарыңыз – бул адамдардан жашырган жалгыз нерсеңиз деп айтууга болот. Жашоодон каалаганыңызды так аныктап алып, ошого карай өз алдынча жүрөсүз. Бирок, сизге каршы чыккан нерсе – адамдардын сындоосу. Алар сизге башкача көз карашта. Бул сиздин эмес, алардын маселеси экени эсиңизде болсун!

3-түр.

Эгерде сиз муштум түйгөндө манжаларыңыз жогорку сүрөттөгүдөй абалда болсо, бул интроверсияны көрсөтүп турат. Сиз ойлоруңузду башкалардан жашырып жүргөн сыяктуу бармак башка манжаларга жашынып турат.

Сизге өзүңүздүн жана тандалган адамдардын арасында болгон жагат. Драманы абдан жаман көрөсүз жана башка адамдардын акылсыздыгы кыжырыңызды келтирет.

Жашоодо сиз ачык жана мазмундуу сүйлөшө алган гана адамдардын курчоосунда болгонду каалайсыз. Сиз адамдар менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөсүз, бирок андан соң сизге жеке мейкиндигиңиз зарыл.

Башка адамдардын сиздин мейкиндигиңизге өзүңүздүн макулдугуңузду албастан кирип келиши кыжырыңызды келтирет. Сиз башкаларга зыян келтирбөөгө аракет кыласыз. Сизди тынчтандырган – жеке дүйнөңүз.

Мына ушундай! Сизге жактыбы? Маалыматты башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз!

Пикир

Оставить комментарий