• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Муунтуп өлтүргөн. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-январында болжол менен саат 22:50лөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына шаардагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүлдү деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келишкен, маалым болгондой, болжол менен 40-50 жаштагы ефропа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси жаткандыгын көрүшкөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган З.В. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

"Шектүү жеңесине кол көтөргөндүгү үчүн таанышын муунтуп өлтүргөндү аныкталган. Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-берененин ("Киши өлтүрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий