• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Муздак сууга секирбегиле, жүрөк токтоп калышы мүмкүн. ИИМ кыргызстандыктарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, коопсуздук эрежелерин сактап, сууда сүзүп жаткан балдарды көзөмөлсүз калтырбоо керектигин билдирет.

Маалыматта жай мезгили жаңы гана башталганы менен суу сактагычтарда жана бассейндерде сууга чөккөндөр катталып жаткандыгы айтылат.

ИИМ сууда сүзүп жаткан балдардын ата-энелери үчүн эскертүү даярдады.

Балдардын өмүрүн кантип сактоого болот?

- сак болуп, балдарды ар дайым көзөмөлдөп туруңуз;

- балдарды эрте сүзүүгө үйрөтүңүз. Суунун жанында же бассейнде жүргөндө балдарды көз жаздымда калтырбаңыз;

- балдарга жалгыз жана алыстан, андан ары колун сунуп сүзүүгө жол бербеңиз;

- жээкте, көлдө, кайыкта, тайыз суунун же бассейндин жанында балага жакшы сүзгөндү үйрөнгөнгө чейин жеке куткаруучу каражаттарды кийгизиңиз. Аны дайыма көзөмөлдөп туруңуз;

- эгерде суунун тереңдиги бир жарым метрден аз болсо, ошондой эле чоңдор жок болсо, баланын сууга секиришине жол бербеңиз;

- күн күркүрөп жатканда балдарды көлмөлөрдөн жана башка суулардан алыс кармаңыз;

- сууга чөгүп кетүүдөн сактануу үчүн балдарды өзүн-өзү жана өз ара жардам элементтерин үйрөтүңүз;

Сууга түшүү эрежелерин сактоо өтө маанилүү.

- сууга уруксат берилген жерлерде, жашылдандырылган пляждарда гана барууга болот;

- катуу агып жаткан тик, таштуу жээктерде, саздак жана өсүмдүктөр өскөн жерлерде сууга түшпөңүз;

- суунун температурасы 19 градустан төмөн болбошу керек, анда 20 мүнөттөн ашык эмес болуу сунушталат, сууда болуу убактысы акырындык менен 3-4 мүнөткө көбөйүшү керек;

- 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууда жүргөн жакшы, анткени муздаганда талма пайда болуп, дем алуу токтоп, эс-учун жоготушу мүмкүн;

- күндө узак какталгандан кийин сууга кирүүгө же секирүүгө болбойт, анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калышы мүмкүн;

- көпүрөлөрдөн, пристандардан сууга секирүүгө, кайыктарга, катерлерге жакын сүзүүгө уруксат берилбейт;

- эгер сүзө албасаңыз, үйлөмө матрацтарда жана тегеректерде жээктен алыс сүзбөңүз;

- суудагы чектөө белгилерин билүү абдан маанилүү.

Сууда коопсуз жүрүм-турум эрежелерин бузуу адамдардын, анын ичинде балдардын өлүмүнүн негизги себеби экендигин эстен чыгарбаңыз. Баланын жашоосу жана ден соолугу сизден гана көз каранды экенин унутпаңыз.

Пикир

Оставить комментарий