• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муздаткыч өчүп калганына байланыштуу 930 доза “Спутник V” вакцинасы жараксыз болуп калган

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкектеги №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын 930 дозасы муздаткычтын өчүп калганына байланыштуу жараксыз болуп калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, балким бул окуяга адамдык фактордун катышы болушу мүмкүн жана кызматкерлердин бири кокустан муздаткычты өчуп алгандыр.

“Бул окуя апрелдин аягында болгон. Биз дароо ал жакка барып, аталган вакциналарды алганбыз, анткени ал муздаткычтан сырткары 2 саат туруп калса жараксыз абалга келет. Вакцинанын ошол партиясы азыр бизде турат. Элди эмдөөгө колдонулган жок”, - деди ал.

Адистердин маалыматы боюнча, аталган учур боюнча акт түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөн. “Текшерүүнүн жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна карата административдик чара көрүлгөн. Биз элди эмдөө штаттык режимде улануусу үчүн поликлиниканы дароо вакцинанын жаңы партиясы менен толуктадык. Өндүрүүчүлөргө вакцинаны алмаштырып берүү үчүн өтүнүч жөнөттүк. Алар учурда бул маселени карап жатышат”,-деди Ишенапысова.

Пикир

Оставить комментарий