• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Муздаткыч жана тоңдургуч ташыган ишкерлер ЭТТК колдонууга милдеттендирилет

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Муздаткычтарды жана тоңдургучтарды жүгүртүүчү субъекттер 1-июлдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасынан каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул тизме Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген.

Атап айтканда, ЕАЭБ бажы аймагына ташып келинген, пилоттук долбоордун алкагында байкоо жүргүзүлүп жаткан товарлардын тизмесине ылайык, 1-июлдан баштап ЭТТКны колдонууга ЕАЭБ ТЭИ ТН 8418 10 200 1, 8418 10 800 1, 8418 21 100 0, 8418 21 510 0, 8418 21 590 0, 8418 21 910 0, 8418 21 990 0, 8418 30 200 1, 8418 30 800 1, 8418 40 200 1, 8418 40 800 1 коддору менен тиричилик муздаткычтарын жана тоңдургучтарды жүгүртүү кирет.

"ЭТТК" системасына катталуу Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинети" аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, ЭТТК маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

ЭТТКнын эң негизги артыкчылыгы болуп анын ыкчамдыгы саналат, бул ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ (анын ичинде оңдоп-түзөөчү документ) алмашууга мүмкүндүк берет, буга чейин контрагентке документтерди (кагаз жүзүндө) жөнөтүү бир нече күндү, ал тургай жумаларды талап кылып келген.

Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий