• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Музыкалык кече: “Манас” кинотеатрында кыргыз эстрада жылдыздары ырдашат

Маданият 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. 22-сентябрда “Манас” кинотеатрынын аянтчасында Ленин районунун аймагындагы музыкалык кече өтүп, анда кыргыз эстрада жылдыздары ырдашат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы Ленин райондук администрациясына шилтеме берүү менен маалымдайт.

Маалыматка ылайык, концерттик программада Бишкек шаарынын мэриясынын симфониялык оркестри жана кыргыз эстрада ырчылары катышат.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы "2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгынын алкагында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий