• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Музыкалык жана драмалык чыгармалардын автор жана аткаруучуларына сыйакы төлөнүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. КРнын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) 2021-жылдын апрель айынан тарта 2020-жылы чогултулган автордук сыйакыларды бөлүштүрүп келет. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдирди

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө “Гиперграф” автоматташтырылган программасы аркылуу 775 авторлорго, аткаруучулар жана укук ээлерине 7 млн 365 миң 793 сом өлчөмүндө сыйакы которулду.

Чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде пайдаланылган кээ бир авторлордун, аткаруучулардын жана алардын мураскерлеринин байланыш маалыматтарынын жоктугуна байланыштуу, тиешелүү сыйакылар бөлүштүрүлбөй тургандыгын маалымдайбыз. Ошого байланыштуу, Кыргызпатент алардын тизмегин жарыялайт: http://patent.kg/wp-content/uploads/2021/07/%D0%A1%D1%8B%D0%B9%D0%B0%D0%BA%D1%8B.pdf

Эгер Сиз өзүңүздү жогорудагы тизмеден тапсаңыз, Кыргызпатенттке кайрылыңыз.

Тиешелүү автордук сыйакыны алуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

1. Кыргызпатент менен Укуктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келшим түзүү жана чыгармаларды каттоо;

2. Автордун же аткаруучунун каттоо баракчасын толтуруу;

3. Паспорттун көчүрмөсүн берүү;

4. Сыйакыны которуу үчүн жеке банктык эсебин берүү.

"Келишим түзүү жана автордук сыйакылар боюнча төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга болот: 0(312) 68-00-86; 0(550) 778-450; 0(550) 778-590",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий