• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мыйзам чегинде укугуңузду коргоңуз! ИИМ каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калбоого үндөдү

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарга каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өлкөдө жыл сайын бир нече он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

Көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө. ИИМ эгер алданып калган болсоңуз, анда мыйзам чегинде укугуңузду коргоого аракет кылууга чакырат.

«Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз — Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз. Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат», - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий