• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзам долбоору кабыл алынса сугат суу маселеси чечилеби?

Коом 0

Бшкек, 08.12.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңеши тарабынан КРнын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизуу тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын президентине кол коюуга жөнөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунун актуалдуулугу, ирригация тутумунун азыркы абалы, мыйзам кабыл алынгандан кийин аны турмушка ашыруунун жолдору, буга тиешеси бар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча органдарынын, СПАлар менен болгон өз ара карым-катнашы туурасында Бишкекте болуп өткөн тегерек столдо кеңири талкуу болду. Ирригация тутумун жакшыртуу, колдо бар каналдарды калыбына келтирүү багытындагы иштердеги көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору туурасында сөз болду.

Кыргызстан боюнча бардыгы 736 миң гектар суу баскан айдоо аянты бар. Ал 5.7миң чакырым райондор аралык, 23,2 миң чакырым ички чарбалык каналдар аркылуу сугат суулары менен камсыз болууга тийиш. Мына ушул ички чарбалык каналдар 2000-жылы өкмөттүн токтому менен дыйкандарга-Суу пайдалануучулар ассоциацияларына өткөрүлүп берилген. Идеясында дыйкандар өзүлөрү акча топтоп, топтолгон акчага өздөрүнө тиешелүү каналдарды ремонттоп алуулары керек болчу. Иш жүзүндө андай болгон жок. Ансыз да иштен чыгып, талкалана баштаган каналдарды өткөрүп алган СПАлардын каналдарды оңдоп-түзөөгө алдары келбей калды.

Натыйжада СПАлардын карамагына өткөн каналдар жылдан-жылга начарлап, суу жеп кетип, керектен чыгып айдоо аянттарын суу менен камсыз кылуу кыйынчылыкка учурай баштады. Айрыкча, улам барган сайын агын суулардын азайып баратканы, сугат сууларын сарамжалдуу, коромжусуз пайдалануунун зарылдыгы боюнча улам катуураак коңгуроо кага баштады десек да болот.

Сугат сууларынын дыйкан-фермерлердин керектөөсүн толук камсыз кыла албаганы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтүп, малды тоют менен камсыз кылууну начарлатып, дан азыктары, жашылча-жемиш ж.б. тартыштыгын жаратууда. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна өз таасирин тийгизери айдан ачык. Демек, сугат суулары менен камсыз кылуунун мааниси ото чоң. Анүчүн, эң ириде ирригация тутумун жакшыртуу, дыйкан-фермерлерге талап кылынган өлчөмдөгү сууну жеткирүү зарылдыгы турат.

Жогоруда белгилегендей, СПАлардын өз алдынча каналдарды ремонттоого мүмкүнчүлүктөрү жетпейт экен. Ал эми айыл өкмөттөрү жардам берели десе мыйзам жол бербейт. Каналдарды калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жаатында иш кыла тургандардын колдору байланып калган. Азыр айыл өкмөттөр ички каналдарды оңдоо же тейлөөгө каражат бөлө албайт – ага мыйзам жол бербейт. Сугат маалындагы кыйынчылыктарды жеңилдетем деп жардам кылып койгон айыл өкмөттөрүнө прокуратура менен эсеп палатасы иш козгогон учурлар болуп келген.

Мына ушул жагдайдан улам ирригация маселелери боюнча Демилгелүү топ суу маселеринин чечилишине шарт түзүү үчүн айрым мыйзам долбоорлорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Бул боюнча ар кайсы аймактарда жолугушуулар, жыйындар өткөрүлүп абалдан кантип чыгуу багытында талкуулар уюштурулган. Көйгөйдү аныктоо, анын чечилиш жолдорун издөө бир нече жылга созулган. Акыры келип мындай аракеттер өз натыйжасын берди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”(Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жөнөтүлгөн.

  • Абдыбай Жайлобаев, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары: «Айыл өкмөтүнүн милдетине ичүүчү суу менен камсыз кылуу кирет, бирок айыл өкмөттөр сугат маселесин чечүүгө катышууга укугу жок болчу. Сугат сууга байланыштуу көптөгөн курч маселелер бар, бирок аларды чечүүгө финансалык мүмкүнчүлүк болгон эмес. Айыл өкмөттөрдүн 10 пайызга жакыны дотациясыз деп эсептелет, бирок алар да жардам көрсөтүүгө, жада калса каналдарды тазалап же оңдоого көмөк көрсөтө алчу эмес. Мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр мындай мүмкүнчүлүктү берет. Башкача айтканда, айыл өкмөттөрү ирригациялык системаны башкарууга катыша алат. Бул замандын талабы деп ойлойм. Учурда сууну дыйканга жеткирүү СПалардын милдети. Бирок алар каражаттын тартыштыгынан бул милдетти көтөрө алышпайт. Мыйзам долбоору күчүнө кирсе, ар кандай булактардан каржы тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул болсо өз кезегинде бир катар көйгөйлөрдү чечет. Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана жайылтууга активдүү катыштык. Документке президент кол коет деп ишенебиз жана ишенебиз”.

Эгер Демилгелүү топ сунуш кылган мыйзам долбооруна Президент кол койсо, айыл өкмөттөрү мыйзамдуу түрдө ички каналдардын абалын жөнгө сала алат. Анда каналдарды ыктыярдуу жол менен муниципалдык баланска өткөрүп, мамлекет тарабынан стимгранттар жазылат. Анын негизинде өнүктүрүү фонддорунан акча бөлүнүп, 70% талкаланган каналдардын абалын жакшыртууга жол ачылмак. Мындан тышкары дагы башка каражаттарды тартуу үчүн кошумча булактарды табууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

  • Нурлан Шерипов Айыл, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары: «Бардык айыл аймактарда СПАлар бар. Бирок бүгүнкү күндө алардын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар көп. Суу бөлүштүрүү, төлөмдөрдү чогултуу, ирригациялык системаны тейлөө жана модернизациялоо маселелери көйгөй жаратып келет. Бул мыйзам долбоору ушул маселелерди чечүүгө багытталган. Мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ирригациялык системаны муниципалдык менчиктин балансына өткөрсө болот. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул системага каржыны субсидиялоо укугуна ээ болот. Азыр СПалар суу бөлүштүрүү, төлөмдөрдү чогултуу, каналдарды оңдоо жана тазалоо менен алектенет. Эгерде кээ бир СПАлар ирригациялык системаны талаптагыдай абалда кармай албаса, анда алар өз милдеттерин ЖӨБ органдарына өткөрүп бере алышат. Өз кезегинде Айыл чарба министрлиги мыйзам долбоору боюнча оң корутундусун берип, аны жайылтууга активдүү катышты. Министрликтин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин бардык жыйындарына катышты”.

СПА менен жергиликтүү бийлик чогуу иш алып барабы же жокпу өздөрү чечип алат, милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу жол менен гана:

1. Өзгөртүүлөргө ылайык Суу Кодексине “муниципалдык менчик” деген түшүнүк киргизилет. Ошондо ирригация тутумдарын Айыл Окмөтү өз балансына ала алат. Бул сугат суу каналдарынын маселелерин чечүү үчүн кошумча каражат алып келүүгө жол ачат. Тагыраак айтканда, ар түрдүү булактардан, мисалы жергиликтүү же республикалык бюджеттен, өнүктүрүү фонддорунан каражат алса болот.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ирригация маселесин жергиликтүү маанидеги маселе катары бекитүү укугу берилет. Мыйзамга туура келбесе дагы сугат суусун жеткирүү милдетин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарууга аргасыз. Ал эми Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул милдетти аткара алат. Өзгөчө, ишти жөнгө салууга шарты жок СПАлардын ишмердүүлүгүн Айыл өкмөттөр колго алса болот.

3. Тариф саясаты жөнгө салынат. Сугат суу кызматтары үчүн акыны эсептөө тартиби суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнөт. Эсептөөлөр туура жүргүзүлүп, тарифтин туруктуу баада, б.а. өзүн-өзү актай турган баада болушуна шарт түзүлөт. Жергиликтүү кеңеш тарифти бекитип берип, төлөмдөрдүн чогулушуна шарт түзөт.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса Ички ирригация тутумдарын башкаруу үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына адилеттүү системаны колдонгонго шарт түзөт.

Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топ

Пикир

Оставить комментарий