• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзам менен чатагы барлардын иши боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/ 6-июлда Акыйкатчы институту "Лигал просперити" эл аралык уюму менен биргеликте мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо иштери боюнча комиссиянын ишине жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктарын талкуулады. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талкулоого тийиштүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү дагы катышты. Талкуу учурунда комиссиянын ишмердүүлүгүнө бир катар сын-пикирлер айтылып, көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Жыйынтыгында КРнын Жогорку Кеңешинде балдар кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу топко кат жүзүндө сунуштарды жөнөтүү чечими кабыл алынды.

КРнын Конституциясынын 108-беренесине ылайык, КРда адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду акыйкатчы жүргүзөт. КРнын Акыйкатчысы жөнүндөгү мыйзамдын 11-беренесине ылайык, акыйкатчы жыл сайын 1-апрелге чейин КРнын Жогорку Кеңешине мурунку жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын бирикмелеринин, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана өздөрүнүн иш-аракеттери (аракетсиздиги) менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузган алардын кызмат адамдары, адамдын жана КРнын жаранынын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жана адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тууралу мыйзамдарда табылган кемчиликтер жөнүндө баяндама берет.

Ошого байланыштуу Акыйкатчы институту практикада адамдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүдө коомдук, бейөкмөт уюмдарды тартып жана айрым учурларда эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөзөт жана мониторингдин жыйынтыктарын талкууга алып чыгып жылдык атайын баяндамаларга кошот.

Эске салсак, 2017-жылы Акыйкатчы институту “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” деген баяндама жазган. Баяндамада көйгөйлүү маселелер бир топ мисалдар менен келтирилип, аны чечүү жана балдар укуктарынын талапка ылайык сакталышы үчүн акыйкатчы тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизген болчу.

Пикир

Оставить комментарий