• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Мыйзам Нуру коррупцияга каршы коомдук жардам” бирикмесинин мүчөсү пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Пара талап кылган “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” бирикмесинин мүчөсү кармалды.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") туралуу козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, акча каражатын алып жаткан жеринен “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды.

Такталгандай, жогоруда аталган Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий