• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мыйзамдан экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу демилгеси I окууда жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, депутаттар биринчи окууда жактырышты.

"Макул" - 100, "каршы" - 2 эл өкүлү добуш берген.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.

Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт. Жаңы Конституцияда Президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

- Президенттин кол тийгистигинин деңгээлинин төмөндөгөндүгүн эске алуу менен, 3-берене жаңы редакцияда баяндалууда, анда КР Президентин кызмат ордунан четтетилгенден кийин аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө Конституциянын ченемдери чагылдырылды;

- аны менен чогуу жашап турган Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү тийиштүү артыкчылыктар жана жеңилдиктер менен пайдаланарын эске алуу менен Мыйзамдын 6-беренеси Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүн белгилеген норма менен толукталды;

- 8-беренеде Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин эсебинен камсыздандырыла тургандыгы жөнүндө норма алынып салынууда;

- 13-беренеде экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө жөнүндө ченемди алып салуу сунуш кылынат, ошондой эле экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренеде каралган баардык кепилдиктер токтотулат;

- экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө ал өлгөндөн кийин өмүр бою кызматтык автотранспорт, ошондой эле өлгөн күнү экс-президентке берилүүчү медициналык тейлөө укугу каралган 17-берененин 2-бөлүгү алып салынууда;

- Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунуш кылынууда. Мындан ары ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий