• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мыйзамдарды гумандаштыруудан чөнтөк уурулары тарабынан кылмыштар өсүп кетпейт – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Мыйзамдарды гумандаштыруудан чөнтөк уурулары тарабынан кылмыштар өспөйт, деп сөз берди Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтуусунда, кылмыштык-процессуалдык кодексти жана пробация тууралуу мыйзамды кабыл алуу менен майда кылмыштар кодекси пайда болду. Бул кодекс жеңил кылмыштарды камтыйт, мисалга, 10 миң сомго чейинки уурулук жб.

Аны менен бирге адам тоок же уюлдук телефон уурдаса, анда ал коомдук жумуштарга жаза катары жиберилет. Мындай жеңил жаза болгондуктан, ал адам кайра ошол кылмышка барышы мүмкүн деген ойлор айтылды.

Министр Жунушалиев билдиргендей, уурулук көбөйбөйт, анткени, санкциялар ошол бойдон калат, кылмыш кылгандар түрмөгө отурбаса дагы өз жазасын алышат.

Башкы прокуратуранын өкүлү Сирожиддин Камолидинов белгилегендей, жеңил кылмыш кылган адамдар Кылмыш кодексинин 351-беренеси (Соттун чечимин аткарбоо) боюнча жоопкерчиликке тартылат.

“Биздин максат түрмөлөрдү толтуруу эмес, адамга оңолууга мүмкүнчүлүк берүү. Адам адашып, кайра туура жолго кайткан учурлар көп. Ал эми бул мыйзам катачылык менен кылмышка баргандыгы үчүн түрмөгө отуруп, соттолгон деген атка “конбогонго” жардам берет. Бирок эгер жаран санкцияларды аткарбаса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, - дейт прокурор.

Пикир

Оставить комментарий