• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча координациялык органдын биринчи отуруму болду

Коом 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июлунда Бишкек шаарында КР Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарованын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда координациялык органдын биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, координациялоочу органга мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында мыйзамдарды баалоого жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана мыйзамдар жаатында жигердүү иштеген, “Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы” КБ тарабынан артыкчылыктуу катары тандалган коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Иш-чараны “Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы” коомдук уюму Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте “Мыйзамдын үстөмдүгүн жайылтууга көмөктөшүү” долбоорунун алкагында өткөрүштү, анын максаты - Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун ишине жардамдашуу.

Бул максатка жетүү үчүн “Кыргыз аял судьялар ассоциациясы” көз каранды эмес бийик профессионал 10 юристти ишке тарткан, алар эксперт катары иштешет жана Ведомстволор аралык эксперттик топ тарабынан кабыл алынган методологияга ылайык жумушчу топторго мыйзамдарды баалоого, жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга көмөктөшөт.

«Биз мамлекеттик органдар жана биздин эксперттер тарабынан даярдалган айрым мыйзамдарга берилген бааларды ачык талкуулоо үчүн чогулдук. Биздин мыйзамдарды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагындагы ишибиз баа берилүүчү кыйла маанилүү мыйзамдарды ачык талкуулоо үчүн аянтча катары кызмат кылуу жана Юстиция министрлигине ушундай баалоонун сунуштарынан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга көмөктөшүү. Координациялык органдын максаты төмөнкүдөй болот: биз иштеп жаткан мыйзамдар боюнча маалымат алмашуу; мамлекеттик органдар жана көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлө турган баалоону талкуулоо жана ар бир мыйзам боюнча мазмундуу анализди Юстиция министрлигине өткөрүп берүү. Маанилүү нерсе – берилген баа толук, адилеттүү, туура жана бардык тараптар тарабынан талкууланган болушу керек”,-деди байкоочу кеңештин төрайымы Ч.Айдарбекова.

Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова мыйзамдарды инвентаризациялоо процесси жүрүп жатканын белгиледи. "Мамлекеттик органдар өздөрүнүн мыйзамдарын баалоо боюнча иштерин дээрлик аяктап жатышат, ал эми айрым көз карандысыз эксперттер өз ишин башташты. Методологиялык топ баалоо жүргүзүлгөндөн кийин кайчылаш текшерүү анализин жүргүзөт жана алар да өз ишин башташкан. Айрым мамлекеттик органдар өз бааларын беришкен, бирок, тилекке каршы, алар маселеге формалдуу мамиле кылышып, жогорку бааларды беришкен. Ишке көз карандысыз эксперттер дагы тартылды, алар өз бааларын беришет”, - деп белгиледи Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова өз сөзүндө.

Координациялык комитеттин жолугушуусунда 10 мыйзамга берилген баа жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн сунуштары талкууланды, бул көз каранды эмес эксперттерге мамлекеттик органдардан актуалдуу маалыматтарды алууга жана бул уюм тандап алган 20 актуалдуу мыйзам боюнча өздөрүнүн позицияларын ошол жерде макулдашууга мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий