• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мыйзамдарды инвентаризациялоону кандай эксперттик топтор жүргүзүп жатат? Жооп

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топтун структурасы 6 топтон турат, бул топтор болсо 15 топчого бөлүнгөн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова билдирди.

Анын айтымында, Биринчи эксперттик топ мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана эл аралык мамилелер боюнча иштейт жана 2 топчого бөлүнгөн: мамлекеттик түзүлүш тармагындагы мыйзамдар боюнча жана эл аралык мамиле боюнча мыйзамдар.

Аскарова экинчи эксперттик топ сот адилеттиги жана укук коргоо системасы боюнча иштей турганын белгиледи.

Ал белгилегендей, үчүнчү эксперттик топ социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, эмгек, илим, маданият жана спорт тармагындагы мыйзамдар боюнча иштейт жана 2 топчого бөлүнгөн:

- билим берүү жана илим, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар;

- саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо тармагындагы мыйзамдар.

Ал эми төртүнчү эксперттик топ экономикалык жана финансылык маселелер боюнча иштейт жана 5 топчого бөлүнгөн, алар:

- финансы тармагында;

- соода жана техникалык жөнгө салуу тармагында;

- фискалдык саясат жана бизнес чөйрөсүндөгү мыйзамдар;

- финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө; жана жаңы, Инвестициялар министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу биз дагы бир топту коштук, бул:

- инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө.

“Бешинчи эксперттик топ - транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш, энергетика, өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана санариптештирүү маселелери боюнча иштейт жана 2 топчодон турат: транспорт, коммуникациялар, санариптештирүү, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө жана энергетика, өнөр жай жана отун-энергетика комплекси чөйрөсүндө”, - деди ал.

Анын маалыматына караганда, алтынчы эксперттик топ айыл чарба, суу чарба, региондорду өнүктүрүү жана экология маселелери боюнча иштейт жана 3 топчого бөлүнгөн:

- айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жайлык комплекстер чөйрөсү;

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу маселелери;

- жарандык коргонуу чөйрөсү.

Министрдин орун басары азыркы учурда Юстиция министрлигинин жогоруда айтылган буйругу менен 353 мыйзамдын тизмеси бекитилип, алар жөнгө салуу тармактарына жараша багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн.

- мамлекеттик түзүлүш жана эл аралык мамиле боюнча топчодо 12 мыйзам бар;

- билим берүү жана илим, маданият жана спорт боюнча топчодо 82 мыйзам бар;

- экономикалык жана финансылык маселелер боюнча топчодо 71 мыйзам бар;

- транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш, энергетика, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү топчодо 27 мыйзам бар;

- айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жайлык комплекстер чөйрөсүндөгү топчодо 40 мыйзам;

- айыл чарба, суу чарба, региондорду өнүктүрүү жана экология тармагындагы топчодо 67 бар бар. Жалпы 299 мыйзам.

“КР мыйзамдарын инвентаризациялоо мыйзамдарды анализдеп жана КРнын мыйзамдарын инвентаризациялоонун критерийлерине ылайыктыгы боюнча баа берүү, “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “КР айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун даярдап, иштеп чыгуудан турат”, - деди Аскарова.

Анын айтымында, мыйзамдарды анализдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун критерийлерине ылайыктыгы боюнча ишке ашырылат жана анын жыйынтыгында мыйзамдардын үч тизмесин даярдоо керек, ал тизмелерде төмөнкүдөй шарттар караштырылат:

- критерийлерге ылайык келген жана кайра кароо талап кылынбаган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдар;

- критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен колдонууну токтотууга сунушталуучулар.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар мыйзамдардын критерийлерге ылайык келээрин же келбестигин баалап бүтүшкөн жана Юстиция министрлигинин кароосуна киргизилген.

Баа берилген Мыйзамдар үч этаптуу кароодон өтөт, атап айтканда, топчолордун жетекчилери карап чыгышат, андан кийин эксперттик жумушчу топто каралат жана эң аягында Ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ карайт”, - деди ал.

Аскарова экинчи этапта мамлекеттик органдар көз каранды эмес эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирдикте Мыйзамдарды иштеп чыгуунун планын бекитүүгө тийиш, ал Планда өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдардын тизмеси жана күчүн жоготту деп таануу үчүн мыйзамдардын тизмеси болушу керектигин белгиледи.

“План бекитилгенден кийин Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик жумушчу топ бекиткен баалоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу процесси башталат.

Акыркы этапта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорлорунун эки пакетин бекитүү пландалып жатат”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий