• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мыйзамсыз аракеттерге жол берген. Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси иштен алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Мыйзамсыз аракеттерге жол берген Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган оорукананын жетекчиси Г.М. психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүдө айыпталган айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан саламаттык сактоо министрине аталган оорукананын жетекчиси Г.М. карата катуу тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилип, Г.М. кызмат ордунан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий