• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу. Аскарбек Шадиевди 13 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Аскарбек Шадиевдин иши боюнча отурум болуп өттү. Соттук отурумдун жүрүшүндө сот өкүмү айтылды.

“Шадиев Кылмыш кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мыйзамсыз баюу) каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылды. Ага 5 жылга эркинен ажыратуу, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан 2 жылга ажыратуу жазасы белгиленди. Андан тышкары Шадиевге 60 миң сом аыйппул салынды. Жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу аркылуу соңунда Шадиевди 13 жылга эркинен ажыратуу каралды”, - деди Биринчи май райондук сотунун өкүлү Дастан Усубалиев.

Ошондой эле бизнесмен Вячеслав Дуплищев 5 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек Шадиев ага карата Кылмыш кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгондон кийин 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн качып кеткен. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты берүү үчүн бөлүнгөн 30 миң долларды ээлеп алууга шектелген.

Кийинчерээк Биринчи май райондук соту аны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан жана анын мүлкү конфискацияланган.

Пикир

Оставить комментарий