• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Айыпталуучунун мурдагы жардамчысы сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.10.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө Зилалиевдин мурдагы жардамчысы - Батабаев сурак берди.

"Мен бир жылдай Дүйшөнбек Текшербековичтин жардамчысы болуп иштедим. Менин функционалдык милдеттериме корреспонденция, каттар, иш-чараларга даярдык көрүү сымал бир катар иштер кирчү. Биз бир имаратта иштейт элек. Ошондой эле алдыда боло турган иш-чараларга ар кандай материалдар даярдалат элек. Мен иштеп турган мезгилде лицензия берүүгө байланыштуу бир да кагаз өткөн эмес", - деп билдирди Батабаев.

Күбө кошумчалагандай, жетекчисинин мүлктөрү жана бизнеси тууралуу эч нерсе билбейт.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий