• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Бир күбө сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Кутматов аттуу күбө сурак берди. Башка күбөлөр келбегендиктен отурум жылдырылып, 11-сентябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий