• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Мамлекеттик айыптоочу Зилалиевди 10,6 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочу өз сөзүндө Зилалиевди 10 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 900 эсептик көрсөткүчкө айып салууну суранды.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий