• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Сот Зилалиевди 9 жылга эркинен ажыратты

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.20 /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум болуп өттү.

Тараптарды угуп, сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыккандан кийин сот чечимин угузду. Соттун чечимине ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланат.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий