• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум болгон жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралууда.

Айыпталуучунун жактоочусу жана күбөлөр келбегендигине байланыштуу соттук отурум болгон жок.

Кийинки отурум 5-августка белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий