• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум жактоочулардын жоктугуна байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.19 /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтмөк.

Отурум жактоочулардын жоктугуна байланыштуу жылдырылды. Сот залына айыпталуучу алынып келинди, андан тышкары, сурак берүү үчүн банк кызматкери келген. Судья адвокаттар ушул убакытта башка соттук отурумдары бар экендигин маалымдашкандыгын билдирди. Жактоочулар жок судьянын ишти кароого укугу жок. Кийинки отурум 2-октябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий