• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум жактоочунун жоктугуна байланыштуу жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралды.

Соттук отурум жактоочунун жоктугуна байланыштуу өткөн жок. Кийинки отурум 10-июнга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий