• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралууда.

Зилалиев алынып келбегендиктен соттук процесс болгон жок.

Кийинки отурум 8-июлга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий