• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 18-март күнү Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Соттук отурум өткөрүүгө бош зал жок болгондуктан жылдырылды. Кийинки отурум шаршемби, 25-март күнү өтөт.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий