• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Судья алмашкандыгына байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19 /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Бирок судьянын алмашкандыгына байланыштуу отурум болгон жок. Адвокаттын айтуусуна караганда, ал ишти бүгүн эртең менен алган. Эми ишти судья Эсенбаев карайт. Кийинки отурум 11-декабрга белгиленди.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий