• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Төрт күбө суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.20 /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши каралды.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөр Таткулов Д.Т., Асанакунов У.И., Кадыркулов Ж., Жолборсов Б.Т.. сурак беришти. Иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу отурум 27-майга жылдырылды.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий