• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Жактоочулар сотту ишти кароодон четтетүүнү суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 11-март күнү Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Отурумда "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын директору суралууда. Ал сурак берип жатканда сот менен жактоочунун ортосунда күбөнүн суралышы боюнча талаш чыкты. Анын жыйынтыгында жактоочулар сотту ишти кароодон четтетүүнү өтүндү. Сот, ал өтүнүчтү сурактан кийин карай турган билдирди. Бирок жактоочулар өтүнүчтү дароо кароосун талап кылышты.

Сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий