• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Зилалиевдин үйүндө оңдоо иштерин жасаган прораб суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.20 /Кабар/. Бүгүн, 29-январь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Отурумда Зилалиевдин үйүндө оңдоо иштерин жасаган прораб сурак берди.

"Мен үйдүн ичин жасадым. 2018-жылдын апрель айында Зилалиев мага телефон чалды. Аны менен "Ордодогу" объектте жолугуп, баарын талкуулап, келишкенден кийин мен ишти баштадым. Объекттин сырткы дубалдары даяр экен. Ичинде эч нерсе жок болчу. Мен колуна ачкычын карматкандай кылып жасашым керек болчу. Ага бааларды айттым, арзандатуу кылдым. Бир нече күндөн кийин так бааны көрсөттүм. Дүйшөн бир нече күн ойлонуп, мага чалды. Жыйырмаларынан тартып иштеп баштадым. Так сумма жок болчу. Мен ага документтерди, жасалган иштерди көрсөткөндөн кийин акыбыз төлөнчү. Акчаны Зилалиев өзү берчү. Акыны 2 жумада бир алып турчубуз", - деди ал.

Ал белгилегендей, каражат жок болуп калгандыктан жумуштар аягына чыгарылган эмес. Ага болжол менен 200 миң сом акысы төлөнбөй калган.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий