• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.21./Кабар/. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, белгилүү Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы туралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж. Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган.

Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 3-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча Ж. Атамбаевкармалып жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргиз

Пикир

Оставить комментарий