• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баңги затын мыйзамсыз айландырган УКМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 8-март /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жеке коопсуздук кызматынын кызматкерлери КРнын Ички иштер министрлигинин укук коргоо органынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 2017-жылы 7-мартта баңги затын мыйзамсыз айландырууга катыштыгы бар УКМКнын мурдагы жана азыркы кызматкерлери кармалды.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7,5 кг героин баңгы заты алынган.

Кылмыш ишине ар тараптуу жана калыс иликтөө жүргүзүү максатында материалдар ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда кармалгандар Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоо жайына камалышты.

Пикир

Оставить комментарий