• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мыйзамсыз дарылаган табып Зайналиевдин кылмыш иши токтотулду, ал сот залынан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мыйзамсыз дарылаган табып Хашим Зайналиевди сот залынан бошотту. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык милиция кызматы “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, Октябрь районунун милиция бөлүмүнө А.С. аттуу жаран кайрылып, Х.Зайналиевге тиешелүү чара көрүүнү суранган. Өзүнүн арызында билдиргендей, 2016-жылы анын кайын энеси Зайналиевдин клиникасына кайрылган. Табып бейтапты толугу менен айыктырууну убадалаган.

Х.Зайналиев А.С. аттуу жарандын ишеничине кирип анын 100 миң сомдон ашык каражатын ээлеген.

Бейтап аталган клиникада 2016-жылдын июнь айына чейин дарыланып, бирок ал жактан оор абалда чыгарылып, жыйынтыгында көз жумган.

“Тергөө кызматы тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 50 жаштагы табып кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, - деп кабарлашкан басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коргоо органдарына “Көк-Жар” жаңы конушунда лицензиясы жок жеке клиника ачып, онкология дарты менен жабыркагандарды дарылап жаткан табыпка чара көрүү кайрылуусу жиберилген.

Буга чейин Улуттук онкология борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Аманкулова “Кабар” агенттигине 28-ноябрь күнү комадагы 5 жашар кыз келип түшкөндүгүн билдирген. Ал кызды 2 жума “Көк-Жар” конушунда Хашим Зайналиев аттуу табып дарылагандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий