• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Каркыра жана Кадыр Аке көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз билемдик менен орнотулган темир тосмо алынды.

Ишкер-шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, Леванев жана Асаналиев көчөсүнүн кесилишиндеги күркө, ошондой эле "Учкун" кичи районунда мыйзамсыз орнотулган 20 тонналык контейнер ээлери тарабынан алынды.

"Ак-Тилек" конушундагы "Ак-Тилек" көчөсүн реконструкциялоонун алкагында кызыл линиядан чыгып кеткен үч дубал жана Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү темир тосмо алынып салынды. Ошондой эле, Армейский көчөсүн оңдоо үчүн жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү дубал жана дарбаза алынды.

"Тунгуч" кичи районунда жайгашкан унаа жуучу жайы жана Куйручук көчөсүндөгү күркө демонтаждалды.

"Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз. Эгерде, мыйзамсыз орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, сүрөт жана видеолорун 0707 48 61 62 номерине жөнөтүңүздөр", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы бардык социалдык тармактарда бар:

•Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
•Instagram: @uzs.bishkek
•Twitter: @uzsmeriakg.

Пикир

Оставить комментарий