• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пандемия шарттарында мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Абдымомунов көчөсү, 235 дарегиндеги кирпичтен курулган дубал жана Абдымомунов көчөсү, 233 дарегиндеги бала бакчанын тосмосу алынды. Мындан тышкары, Айни көчөсүндөгү №201 үйдүн жанындагы эки күркө алынды. Бул күркөлөр уруксат кагазы жок иштеп келген. Ошондой эле Юнусалиев көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан Сanto resto club мекемеси мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздары жок кире беришин орнотуп алгандыгы аныкталып, башкармалык тарабынан алынып салынды», - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

«Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрүп калсаңыздар, анда (312) 97-51-22 номерине чалыңыздар», - деп мэриядан шаар тургундарына кайрылышты.

Пикир

Оставить комментарий