• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Эне жана баланы коргоо борборуна таандык жерлер жеке турак жай куруу үчүн берилип кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштин алкагында 58 млн 150 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөө учурунда 2007-жылы Бишкектин Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине берип жиберишкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандардын жер тилкелерге болгон жеке менчик укуктары жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсыз мүлктөр кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий